22.08.2018 10:35

Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн  эки бала каза тапты

Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн  эки бала каза тапты

Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн  эки бала каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ, 21-август күнү күндүз Токмок шаарынын Ибраимов көчөсү №51 дарегинде чыккан өрттөн жалпы аянты 95 чарчы метр турак үйдүн эки бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйгөн. Ошондой эле, үйдөгү 5 жана 3 жаштагы эки бала өрттөн каза тапкан.

«Жалындын тутанышына балдардын от менен ойношу себеп болгон», -деп билдирет ӨКМ.

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону бир саат дегенде толук өчүрүшкөн.